01.10.2019 14:00

Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады

Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады

Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча ачылган кылмыш ишин тергөө аяктады. Бул туурасында ИИМден билдиришти. 

Азыркы учурда, сотко чейинки өндүрүш боюнча 19 шектүүгө маалымдама тапшырылып, Б. Табалдиев шектелип жаткандыгы жөнүндө сырттан маалымдалып, ал эл аралык издөөгө, анын ичинен Интерпол багыты боюнча дагы издөөгө алынган.

14 шектүү тергөө менен кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюшса, ал эми 5 шектүү макулдашууга кол коюшкан жок. 18 шектүү кылмыш иштин материалдары менен таанышып, 2019-жылдын 27-сентябрында кылмыш иштин материалдары Башкы прокуратурага кабыл алынган чечимдердин мыйзамдуу болгондугун изилдөө жана сотко жөнөтүү үчүн жиберилди.

Тергөө менен кызматташуу жөнундө макулдашууга кол коюшкан шектүүлөргө карата бөлүнүп алынган кылмыш ишинин материалдары 423 томду жана  негизги кылмыш иши 28 томду түздү. Ал эми жалпы саны 451 томду түзөт.